Европарламент Орусия менен Кытайды жалган маалымат боюнча айыптады

Иллюстрациялык сүрөт.

Европа парламентинин айрым депутаттары «коронавируска байланыштуу жалган маалымат таратып жатат» деп Орусия менен Кытайды айыптап, Европа Биримдигинин лидерлерине кайрылышты. Кайрылууга 40ка чукул адам кол койгон. Анда «Москва менен Бээжин Еврошаркеттин кадыр-баркына көлөкө түшүрүүгө, жергиликтүү тургундардын демократиялык баалуулуктарга жана институттарга болгон ишенимин азайтууга аракет кылып жатышат» деген доомат айтылган.

Алар Брюсселди жалган маалыматтардын тарашынын алдын алууга, айрым өлкөлөрдүн коронавируска байланыштуу жагдайды Еврошаркетке каршы колдонушуна жол бербөөгө чакырышкан. Бирок бул катта жалган маалымат таратылган учурлар так жазылган эмес.

Орусия коронавируска байланыштуу атайылап такталбаган маалымат таратып жатканы тууралуу ушул айдын ортосунда айтылган. Тышкы байланыштар боюнча Европа кызматы Москва Европадагы медициналык системага ишенбестик жаратууга, жергиликтүү тургундарды дүрбөлөңгө салууга аракет кылып жатканын айтып чыккан. Евробиримдиктин адистери жыл башынан бери ушундай 80дей учур аныкталганын билдиришкен.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги менен Кремль бул дооматтардын баарын четке каккан.