Тажик бийлиги бардык орто мектептер коронавирустун жайылышына каршы дезинфекцияланганын билдирди. Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги жазгы каникул аяктаганын, 1-апрелде окуу башталарын маалымдады.
Тажикстанда мектеп окуучулары жазгы каникулга 21-мартта таратылган. Он күн аралыгында мектептер эки сыйра дезинфекцияланган.
Расмий маалыматтар боюнча Тажикстандагы 3800дөн ашуун мамлекеттик жана жеке окуу жайларында 2 миллиондой бала окуйт.
Тажикстан менен Түркмөнстанда расмий түрдө коронавирус илдети каттала элек.