АКШда коронавирустан көз жумгандар 4 миң адамдан ашты

АКШда Нью-Йорк оорунун очогуна айланды.

Жон Хопкинс университетинин 1-апрелге карата берген маалыматына ылайык, Кошмо Штаттарда өпкөнү сезгенткен вирус 190 миңдей адамга жукту, бул оору 4076 кишинин өмүрүн алды. Президент Дональд Трамп коронавируска байланыштуу жагдай тууралуу билдирүү жасап, алдыда «эң азаптуу эки апта турганын» айтты жана ар бир америкалыкты «алдыдагы эң оор күндөргө даярданууга» чакырды.

Ушул тушта оорунун очогу болгон Нью-Йорк шаарындагы ооруканаларга бейтаптар батпай калды. Ошондон улам борбордук аянта, теннис боюнча мелдештер өтчү жайда жана эң чоң жыйындар борборунда талаа шартындагы ооруканалар пайда болду.

Нью-Йорктун жээгине аскер-деңиз госпиталынын 1000 орундуу кемеси да келип токтоду жана жакында ага бейтаптар жаткырыла баштамакчы. Каза болгондор көбөйүп жаткандыктан, алардын сөөгүн салыш үчүн көчөлөрдө муздаткычы бар жүк ташуучу машинелер октоп турат. Нью-Йоркко башка шаарлардан медициналык кызматкерлер менен «Тез жардам» машинелери келди.

АКШнын саламаттык сактоо тарманынын өкүлдөрү эгер карантиндин шарттары сакталбаса бул өлкөдө оору 240 миңдей адамдын өмүрүн алышы ыктымал экенин эскертишти.

Соңку маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча оору 850 миңден ашык адамдан аныкталды жана коронавирус 42 миңден ашык кишинин өмүрүн кыйды. Каза болгондордун теңи Италия менен Испаниянын жарандары.

Ал арада оору биринчи чыккан Кытайдын Ухань шаарында карантин шарттары жумшарып, дүкөндөр иштей баштады.