Окуя тууралуу кабарчы менен маек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түп районундагы Ысык-Көл айылынын тургундары коронавируска шек саналгандарды жаткырчу обсервацияны жабууну талап кылышты.
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда болгон окуяны милиция териштире баштады. 31-марттан 1-апрелге караган түнү белгисиз адамдар Ысык-Көл айылындагы (мурдагы Маяк) №2 Жамангул Тойгонбаев атындагы лицейдин жатаканасынын 1-кабатынын терезелерин толугу менен талкалап кетишкен. Окуя болгон жерге барып келген кабарчыбыз Кундуз Сырдыбаева менен маекти сунуштайбыз.