КЛДП: азыркы кырдаалда референдумду коомдук талкууга коюу орунсуз

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз либерал-демократиялык партиясы (КЛДП) Кыргызстанда 4-октябрда башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорунун коомдук талкууга коюлганын сындаган кайрылуу таратты. Партиянын кайрылуусунда «депутат Курманкул Зулушевдин референдумду белгилөө боюнча мыйзам долбоорун алып чыкканын кабатырлык менен кабыл алдык» деп жазылат.

«Коронавирус дүйнө жүзүн каптап, Кыргызстандын жарандарын эле эмес, бүткүл адамзатты кабатыр кылып жаткан учурда жашап жатабыз. Ушундай кырдаалда референдумга тиешелүү кандай гана саясий долбоор болбосун, аны коомдук талкууга коюу орунсуз деп түшүнөбүз», деп жазылат КЛДПнын кайрылуусунда.

Ошондой эле бул партия президенттик башкарууга кайтуу тууралуу долбоордун элдик талкууга коюлушу моралдык жактан да, юридикалык да жактан туура эмес экенин белгилейт.

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору 1-апрелден тартып коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, өлкөнүн башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумду быйыл 4-октябрда өткөрүү сунушталган. Референдумда жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек. Эгер мыйзам кабыл алынса, өкмөт референдум өткөрүүгө даярдык көрүүгө тийиш.

Мыйзам долбоорунун автору, Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев бул анын жеке демилгеси экенин айтып, анын артында президенттик аппарат турат деген дооматтарды четке каккан. (TSh)