Оштогу индиялык студенттерге дары-дармек берилди

ОшМУда билим алып жаткан индиялык студенттер.

Индиянын Кыргызстандагы элчилиги Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан индиялык студенттерге дары-дармек жеткирди.

Бул тууралуу «Азаттыкка» ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков билдирди. Андан алынган маалыматка ылайык, жатаканаларда жана батирлерде жашап жаткан студенттерге дары-дармек бөлүштүрүлүп жатат.

Ош мамлекеттик университетинде 2 миңден ашуун индиялык студент билим алат. Аларга карантин мезгилинде азык-түлүк жашаган жерине жеткирилип жатат.

Кыргызстанда коронавирус катталгандан кийин Оштогу индиялык студенттер мекенине кайтууну суранып Индиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылышкан.

2019-жылы октябрда Индиянын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстанда жалпысынан 9 миңдей индиялык студент окуп жатканын маалымдаган. Алардын көбү Эл аралык университеттин Медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алат. (MdN)