Кара-Сууда жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун аймагында 3-апрелде жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 13:10до болгон жер титирөөнүн күчү очогунда 2,5 баллга жетти.

Жердин титиреши Кара-Суу районунун Лангар айылында эки баллга чейин сезилди.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (RK)