Кыргызстанда тогуз медкызматкерге коронавирус жуккан (видео)

Кыргызстандык дарыгерлер.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

"Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер да бар, кечээ алардын саны сегиз болчу, бүгүн бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирусту алып жүрүүчүлөр", - деди Мамбетов.

Тогуз медкызматкердин ичинен жетөө Жалал-Абад облусунда болсо, бирөө Бишкекте, бирөө Ошто.

4-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаңы учур катталды.

Алардын ичинен бирөө Бишкек шаарында, бешөө Ош облусунда, экөө Ош шаарында, алтоо Жалал-Абад облусунда. Жалпы өлкө боюнча жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти.

Алардын ичинен Оштун Ноокат районунун коронавирус жуктурган бир тургуну 2-апрелде кайтыш болгон. Алты адам сакайып чыкканы кабарланган. (TSh)