Коронавирус жаңы аныкталгандар менен байланышкан 194 киши табылды

СOVID-19 вирусу жаңы аныкталган 14 кишинин бешөө чет мамлекеттен келген. Учурда 14 киши менен байланышта болгон 194 киши табылып, изилдөө иши жүрүп жатат.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Өлкө боюнча жалпы коронавируска текшерилгендердин саны 10 миң 157 киши.

Обсервацияда 1660 жатат. Жалпы өлкө боюнча жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти.

Оштун Ноокат районунун коронавирус жуктурган бир тургуну 2-апрелде кайтыш болгон. Алты адам сакайып чыкканы кабарланган. (TSh)