Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарына барды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев кабарлады.
Анын айтымында, өкмөт башчы Ош, Жалал-Абад аймактарындагы санитардык-карантиндик постторду, азык-түлүк сактаган кампаларды кыдырат жана жазгы талаа иштери менен таанышат.
Абылгазиев Ошко гуманитардык жана медициналык каражат жүктөлгөн аскердик учак менен барды. (TSh)