Коронавирустан дагы үч бейтап сакайды

4-апрелде коронавирустан айыккан үч бейтап Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандардын экөө 24-25 жаштагы эркек жана 45 жаштагы аял. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Алардан кайталап алынган ПЧР анализи коронавирус жок экенин көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө COVID-19 диагнозунан жалпы тогуз адам айыкты.

Обсервацияда 1660 адам жатат.

Өлкө боюнча жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти. Анын ичинен бирөө кайтыш болду. (TSh)