Индиядан келген 15 кыргызстандык обсервацияга жаткырылды

Индиянын Гоа аймагынан жана Дели шаарынан 15 кыргызстандык казак өкмөтүнүн жардамы менен өз мекенине кайтып келди. Алар Казакстандын жарандары менен кошо атайын учакта келишти. 

Эвакуациялангандарды Тараз шаарынын аэропортунан Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери тосуп алып, атайын транспорт менен 4-апрелде өлкөгө алып келишти. Учурда алар обсервацияда жатышат. 

Республикалык штаб чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды өз мекенине жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын кабарлады. (TSh)