Казакстандагы төрт кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Жамбыл облусунун саламаттык сактоо башкармалыгы коронавирус жаңы аныкталган 17 кишинин ичинен төртөө кыргызстандык экенин билдирди. Алар жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары экени кабарланды.

5-апрелге карата Казакстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 551 киши болду. Алардын ичинен 36 бейтап сакайып чыкты. Илдеттен беш адам каза болду.

Учурда Кыргызстандын расмий органдары бул маалымат боюнча комментарий бере элек. (TSh)