6-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21,
Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,
Ысык-Көл жана Нарын дубандарында түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...5°.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 8…10, күндүз 19…21° болот.