Министр: Сакайган дагы 23 адам бүгүн ооруканадан чыгат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 6-апрелдин таңына карата коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 10 адам болду. Дагы 23 бейтапты айыкканына байланыштуу ооруканадан чыгаруу пландалып жатканын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министрдин айтымында, стационарда 202 адам бар. Бешөө туруктуу оор абалда реанимацияда, алардын экөөнө жасалма дем алдыруу аппараты коюлган.

Ошентип, жалпысынан өлкөдө COVID-19 жуккан 216 адам катталды, алардын төртөө каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. (RK)