Баткен районунда жазгы талаа жумуштары үчүн суу насостору толук оңдолду

Баткен: суу насосун оңдоо.

Баткен районунун аймагындагы 11 даана суу жеткирүүчү бекеттер толук даярдыктан өткөнүн Баткен район акимчилиги 7-апрелде «Азаттыкка» билдирди. 

Маалыматка ылайык аймактагы суу чарба башкармалыгынын карамагындагы суу насосторуна зарыл болгон каражат бөлүнүп, оңдоп-түзөөдөн өткөн. Баткен районунун аймагындагы 5 айыл аймакта миң гектардан ашык айдоо аянттары насос менен сугарылат. 

Баткен облусу боюнча 40 миң гектардай жерге айдап-себүү иштери аяктап калды. Санитардык-карантиндик посттор үчүн жазгы талаа жумуштарына тоскоолдук кылбоо боюнча облус жетекчилиги атайын тапшырмаларды берген. Бирок айылдар арасында жергиликтүү бийлик орноткон посттордон талаа жумуштарына өтө албай даттангандар да бар. (JsA)