COVID-19: Ошто балдардын инфекциялык ооруканасы убактылуу жабылды

Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто балдардын инфекциялык стационары убактылуу жабылды. Бул тууралуу 8-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, буга оорукананын медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус табылгандыктан дезинфекция жүргүзүү зарылчылыгы себеп болду.

«Соматикалык жугуштуу оорусу бар балдардын баары Ош облус аралык балдар ооруканасына жөнөтүлүп турат. Мындан тышкары Кара-Суудагы оорукана да балдарды кабыл алат», деп айтылат маалыматта.

8-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 32 кишиге жетти.

Булардын ичинен аймактар боюнча катталганы:

Ош облусунда - 20

Жалал-Абад облусунда - 7

Бишкекте шаарында - 5

Баткен облусунда – 1 киши.

18-марттан 8-апрелге чейин Кыргызстанда COVID-19 вирусу 270 адамга жукту, алардын төртөө каза болду, 25и айыгып чыкты. (RK)