Өзгөчө абалга байланыштуу ачылган эсептерге түшкөн акча 110 млн. сомго чамалады

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө абалга байланыштуу ачылган эсептерге келип түшкөн акчанын суммасы 110 млн. сомго чамалады.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өлкөдө 2 эсеп ачылган.

Биринчиси элдин аярлуу катмарын камсыз кылуу максатында көрсөтүлүп жаткан жардамды координациялаш үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган. 8-апрелге карата бул эсепке акчалай түрдө 6 млн. 484 миң сом түштү.

Экинчиси - коронавируска каршы күрөшүү максатында Финансы министрлигинин карамагындагы атайын депозиттик эсеп. Бул эсепке 8-апрелге карата жалпы 103 млн. сом келип түштү. Бул каражат толугу менен медициналык максатта жумшалат. Бул тууралуу Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб маалымдады.

Мындан тышкары өлкөдөгү кырдаалдан улам, эл аралык каржы уюмдарынан колдоо көрсөтүү жаатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланды. Ага ылайык, Эл аралык Валюта Фонду – 120,9 млн. доллар берди. Дүйнөлүк банк 12 млн. доллар бермек болду, мунун жарымы насыя, жарымы грант түрүндө. Германиянын GIZ уюмунан гуманитардык жардам катары 550 миң евро грант катары берилмек болду. Ал эми Азия өнүктүрүү фондунан 100 млн. доллар, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан 100-150 млн. доллар жана Ислам өнүктүрүү банкынан 11 млн. доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эпидемологиялык кырдаалдан улам 2020-жылы мамлекеттик бюджетке 32 млрд. сом түшпөй калары расмий кабарланган. (ZKo)