Кыргызстанда доллар бир күндө сегиз пайыздан ашуун көрсөткүчкө арзандады. Улуттук банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 9-апрелде бир доллар 84,87 сом болсо, 10-апрелде 77,80 сом болду.
Ошентип, доллар сомго карата 8,33% арзандады.
Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар март айында кымбаттай баштаган. Алгач 10-мартта үч сомго кымбаттаса, 20-мартта 85 сомго жетип, кайра арзандай баштады.
Мындай көрүнүштү Улуттук банк дүйнөдө жана өнөктөш мамлекеттерде каржы рыногунда болуп жаткан олку-солкулукка байланыштырган. (RK)