Казакстанда өзгөчө абал узартылды

Нур-Султан шаарындагы дезинфекция иштери. 24-март, 2020-жыл.

Казакстандагы өзгөчө абал режими апрелдин аягына чейин узартылды. Бул тууралуу өлкө президентинин басма сөз катчысы Берик Уали «Фейсбук» барагына жазды.

Ал ошондой эле президент Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларындагы карантинди узартууну тапшырганын да белгиледи.

Казакстанда өзгөчө абал 16-мартта киргизилген. 19-марттан тартып борбор Нур-Султан жана Алматы карантинге жабылган. Кийинчерээк карантин чаралары башка аймактарга да киргизилген.

10-апрелге карата бул өлкөдө коронавирус жукканы аныкталгандар 800дөн ашты. Алардын тогузу көз жумду.