Боронов: Өзгөчө абалды жоюу азырынча эрте

Блокпост. Ош шаары. 27-март, 2020-жыл.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламент комитетинде депутат Чыныбай Турсунбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Турсунбеков 15-апрелден тартып өлкөнүн айрым аймактарында жарыяланган өзгөчө абалды жоюп, анын ордуна өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуш кылды. Бороновдун берген жообуна караганда, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал азырынча ага жол бербейт.

«Оору азайган жок, ошондуктан азырынча алмаштыра албайбыз. Илдет жайылып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан биз дагы эки жумага чейин өзгөчө абалды улантууну мамлекет башчыга сунуш кылдык», - деди Боронов.

Коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал, 25-марттан тартып Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. (ZKo)