Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 12 млн. 150 миң доллар бөлөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын колдош үчүн жеңилдетилген каражат берип жатканын айтты.

12 млн. 150 миң доллардын жарымы грант, жарымы 38 жылдык мөөнөткө 0,75% менен насыяга алынууда.

Министр бул акча коронавируска каршы көрөшүү иштерине, медицина кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттарды алууга, транспорттук камсыздоого, санитардык-карантиндик постторду, лабораторияларды жаңылоого жумшаларын билдирди.

Жогорку Кеңеш Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан алынчу каражатты ратификациялоо боюнча мыйзамды 15-апрелдеги жыйынында үч окууда кабыл алды. (BTo)