Штаб: Стамбулдан келаткандар дароо обсервацияга алынат

Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул тапта Түркиядан учуп келе жаткан кыргызстандыктар дароо «Ак-Кеме» мейманканасында уюштурулган обсервацияга жаткырылат. Бул тууралуу 17-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, Стамбулдан 212 жүргүнчүнү алып келе жаткан учак Бишкекке бүгүн 17-апрелде түштөн кийин конот деп пландалууда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Стамбулда калган жарандар мекенге кайтышты

Чет жакта жүрүп, коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган кыргызстандыктардын көйгөйү 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланган негизги маселелердин бири болду.

Өкмөт буга чейин 6 миң кыргызстандык мекенине алынып келгенин, азыркы тапта дагы 4371, анын арасында Түркиядан 487 адам келе албай жатканын билдирген. (RK)