18-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз республиканын аймагында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, айрым жерде 0…-2 үшүк жүрөт, күндүз 16…21;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, айрым жерде 0…-2 үшүк жүрөт, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 19…21 градус болот.