Тажикстанда мечиттерде намазды жамаат менен окууга кайрадан тыюу салынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандагы Ислам борборунун уламалар кеңеши коронавирус коркунучунан улам мечиттерде жума намазын жамаат менен окууга кайрадан тыюу салды. Мындай тыюу 18-апрелден тартып башталат жана жагдай бир жаңсыл болгонго чейин уланат. Ошондой эле Рамазан айында таравих намазын да мечиттерде окуганга болбойт.

Уламалар кеңеши тараткан маалыматта коңшу мамлекеттердин тажрыйбасынан улам ушундай чечим кабыл алынганы жазылган.

Уламалар кеңеши өпкөнү сезгенткен оорунун жайылышынын алдын алыш үчүн мечиттерде жамаат менен намаз окууга алгач 4-мартта тыюу салган. Анда мечиттерде каза болгон адамдардын гана жаназасы окулары айтылган. Эки жумадан кийин Дин жана каада-салтты жөнгө салуу комитети бул тыюуну алып салган.

Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус илдети каттала элек экенин билдирип келет.

Кыргызстанда коронавирус коркунучунан улам 17-марттан тартып өлкөдө жума намазын мечиттерде жамаат менен окууга тыюу салынган. Ушундай эле чечимдер Казакстан менен Өзбекстанда да кабыл алынган.