АКШнын Мамлекеттик департаменти Кошмо Штаттар эл аралык коомчулуктун коронавируска каршы күрөшүнө көмөктөшүп, жабыр тарткан мамлекеттерге гуманитардык жардамын улантарын билдирди. Мамдепартамент тараткан билдирүүдө ондогон өлкөлөргө жалпысынан 508 миллион доллар берилери айтылат. «Бул каражаттар ооруну ооздуктоого, элге өз убагында маалымат жеткирүүгө, өтө маанилүү тармактарды колдоого багытталат», деп билдирген АКШнын тышкы саясий мекемеси.
АКШдан жардам ала тургандардын арасында Африкадагы бир катар өлкөлөр, Италия сыяктуу Европа мамлекеттери жана мурдагы Советтер Союзунун курамында болгон айрым өлкөлөр да бар.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун (ДССУ) каржылоону убактылуу токтоткон. Кошмо Штаттарлын президенти бул уюмду «өзүнүн негизги милдеттерин аткара алган жок жана ушундан улам жоопко тартылышы керек» деп айыптаган.
Дүйнө лидерлери жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Трамптын ДССУ тууралуу чечимин сынга алышкан.
АКШ - ДССУга эң көп каражат бөлгөн өлкө. Былтыр Ак үй ага 400 миллион доллардан ашык каражат берген жана бул уюмдун бюджетинин 15% түзгөн.