Баткенде посттордун көпчүлүгү алынды

Баткен облусу. Алга айылына кире бериштеги пост

Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңешинин чечимине ылайык, 18-апрелден тарта район аймагында айылдар арасында коюлган 23 пост алынды.

Баткен районунун аймагында 21-март баштап 27 жерге посттор коюлган. Учурда анын төртөө гана калды.

Район жетекчилиги мындай чечим жазгы-талаа жумуштарын уюштурууга, мал-жандыктарды жайыттарга алып чыгууга шарт түзүү үчүн кабыл алынганын кабарлады.

Коронавирустун алдын-алуу боюнча Республикалык штабдын акыркы маалыматына таянсак, Баткен облусунда беш киши COVID-19 илдетин жугузуп алган. (JsA)