COVID-19: Бишкекте он, Баткенде бир бейтап сакайып чыкты

Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынан чыгып жаткан бейтаптар.

Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынан 10 бейтап айыгып чыкты, алардын бирөө эпидемиолог. Баткенде COVID-19 вирусун биринчи болуп жуктурган дарыгер да сакайып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

19-апрель күнү эртең менен Саламаттык сактоо министрлиги илдет аныкталгандардын ичинен үч бейтап сакайып чыканын маалымдаган. Республика боюнча жалпысынан 143 киши бул ооруну жеңип чыкты.

19-апрелде Кыргызстанда СOVID-19 илдети дагы 48 кишиден табылды. Жалпы республика боюнча коронавирус аныкталгандардын саны 554 кишиге жетти. Беш киши оорудан көз жумган.