Менчик мектептерге окуу акысын азайтуу сунушталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү министрлиги мындай сунуш менен өлкөдөгү жеке менчик мектептердин жана башка билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кайрылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында өзгөчө кырдаалдан улам учурда балдарын жеке менчик мектептерде окутуп жаткан ата-энелерден окуу акысын азайтуу, ал эми жеке билим берүү уюмдарынын жетекчилеринен мектеп имараты үчүн каралган ижаранын суммасын азайтууга көмөк көрсөтүү боюнча кайрылгандар көп болуп жатат.

«Министрлик бир жагынан коронавируска байланыштуу карантинде, кирешесиз калган ата-энелердин, экинчи жагынан ишмердүүлүгү окутуудан түшкөн каражатка байланышкан жеке менчик мектептердин абалын түшүнүп турат. Бирок ошентсе да сабактар дистанттык түрдө өтүлүп жаткандыктан, жеке менчик билим берүү уюмдарында окуучулардын тамак-ашына, канцелярдык товарларга жана коммуналдык төлөмдөргө жумшалуучу каражаттарга кетүүчү чыгымдарды окутуу акысынан кыскартууну сунуш кылат», - деп билдирди Акылбек Орозматов.

Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерди жана жеке менчик мектептердин жетекчилерин өз ара сүйлөшүп, эки тарапты тең канааттандырган ийкемдүү келишимге жетишүүгө үндөөдө.

Кыргызстанда 100дөй жеке менчик мектеп бар. Аларына окуу акысы айына 10 миң сомдон тартып 100 миң сомго чейин барат. (ZKo)