Кыргызстанда 21-апрелге карата соңку бир суткада коронавирус дагы 22 адамдан табылды. Алардын сегизи Бишкекте, үчөө Ош облусунда, алтоо Ош шаарында, бешөө Нарын облусунда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ошентип, бүгүнкү күнгө карата илдет жуккандардын жалпы саны 590 кишиге жетти. Алардын жетөө каза тапты, 216сы айыгып чыкты.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель болот деп божомолдоп жатат. (RK)