22-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстан.

22-апрелде Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.  Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 22…27;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 26…28 градус болот.