ИИМдин ден соолук чыңдоо борборунда обсервация түзүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Аскердик кызматынын саламаттыктты бекемдөө борборунда ачылган обсервацияга милиция кызматкерлери жайгаштырылат.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, обсервация 19-апрелде ачылган, анда милиция кызматкерлери коронавируска каршы дарылануудан толук өтө алат. Бул үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

22-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус илдети жуккан 612 адам катталды. Анын ичинен 12си ички иштер органдарынын өкүлдөрү. Бир милиционер реанимацияда. (ZKo)