Коммунисттер Лениндин 150 жылдыгын белгилөөдө

Ленинди эскерүү учуру. 22-апрель, 2020-жыл.

22-апрелде Советтер Союзунун негиздөөчүлөрүнүн бири Владимир Лениндин туулганына 150 жыл толду.

Москвадагы карантинге карабастан Коммунисттик партиянын (КПРФ) лидери Геннадий Зюганов жана мүчөлөрү, андан тышкары солчул уюмдардын өкүлдөрү Кызыл аянтка келип, Лениндин мавзолейине гүл коюшту.

Орусиянын коммунисттер партиясы Ленин туулган Ульяновск шаарында эскерүү акциясын өткөрдү.

КПРФтин мүчөлөрү 21-апрелде Лениндин урматына видеожыйын куруп, аны «Бүткүл союздук салтанаттуу интернет-жыйын» деп атаган.

Юбилейге байланыштуу Орусияда мамлекеттик деңгээлде кандайдыр бир иш-чаралар өткөрүлгөн жок.

1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин аны уюштуруп, жетектеген Ленин Советтик Орусиянын Эл комиссарлар кеңеши - өкмөтүнүн башына келген. Бул кызматты 1924-жылы көзү өткөнгө чейин жетектеген. 1922-жылы Советтер Союзу негизделген. 1991-жылы ыдыраган СССРдин курамына 15 союздук республика, анын ичинде Кыргызстан да кирген.