Үсөнбаев: Менчик лабораторияларга ПЦР тесттер берилген эмес

Иллюстрациялык сүрөт.

Бонецкий лабораториясы тесттерди жана башка керектүү жабдыктарды өздөрүнүн каражаттарына жана меценаттардын акчасына алган. Ал эми аныктоо ишин мамлекеттик лабораториянын аймагында жүргүзөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 23-апрелде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берип жатып билдирди:

«Тест системалары жана башка жабдуулардын баары алардын өзүнүкү. Мамлекет тарабынан аларга берилген жок, бере турган акыбалыбыз да жок. Менчик лабораториянын кызматынан айрым жумушчулары вахта режими менен иштеген ири компаниялар, саламаттыгынан кооптонгон адамдар пайдаланып жатышат. Мындан тышкары Бонецкий лабораториясына элдин айрым бир катмарын коронавируска карата текшерүүнү акысыз жүргүзүү да милдеттендирилген».

Коронавирус илдетин аныктоочу анализдерди жүргүзүү укугу менчик лабораториялардан Бонецкий лабораториясына берилген. 21-апрелден тартып бул лаборатория каалоочулардан коронавирус илдетине анализ ала баштаган. Анын COVID-19 вирусун аныктоочу лабораториялык кызмат акысы 2 миң сомдун айланасында экени айтылган.

Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылгандардын саны 23-апрелде 631 адамга жетти. 302 киши оорудан сакайды. Сегиз адам илдеттен көз жумду. (ZKo)