Республикалык штаб: COVID-19 жуккан бейтаптардын 48% айыкты

Коронавирустан айыгып чыккан бейтап.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын жыйынында COVID-19 вирусу жуккан бейтаптардын 48% айыгып, ооруканадан чыгарылганы айтылды.

23-апрелге карата коронавирус 631 адамдан табылды. Стационарда 321 бейтап жатат, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Сегиз киши каза болду. 302 адам оорудан айыкты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов штабдын жыйынында аймактарда обсервациялык жайлар кишилерди кабыл алууга даяр турушу керек экенин билдирди.

Андан тышкары http://med.tunduk.kg/ сайтына медицина кызматкерлеринен кайрылуулар келип жатканы, алар боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр жана тапшырмалар берилгени кабарланды. (BTo)