Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

23-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь районунда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт саат 14:13тө толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, №4 кичирайондо жайгашкан №14 үйдүн батиринен өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө министрликтен бир бөлүм тартылды.

Тилсиз жоодон каза болгондор жана жаракат алгандар болгон жок. (BTo)