Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстанга гуманитардык жардам берди

Бириккен Араб Эмираттарынан келген жүк жүктөлгөн учак.

Гуманитардык жардамда коронавируска каршы күрөшүү боюнча жеке коргоочу каражаттар жана дары-дармектер бар. Кыргызстанга берилген жардам 23-апрелде «Etihad Airways» авиакомпаниясы менен «Манас» аэропортуна жеткирилди. 

Бул тууралуу Кыргызстанда Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб билдирди.

Маалыматка караганда, бул гуманитардык жардам боюнча 6-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков менен Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахайян телефондон сүйлөшкөн. (BTo)