Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон быйыл Рамазан айы коронавирус жайылып жаткан учурдан тышкары, жазгы талаа жумуштары менен тең башталгандыктан, элди орозо кармоону кийинкиге калтырууга чакырды.
"Биз суу ичүүдөн жана тамак жегенден өзүбүздү тыюуну биле туруп, ден соолукка зыян келтирбешибиз, жаныбызды аяшыбыз керек. Себеби, ачка жүргөн адамдын иммунитети төмөндөйт жана оору жуктуруп алуу коркунучу жогорулайт", - деди Рахмон.
Мусулмандардын ыйык Орозо айы шарият жыл санагы менен 24-апрелде башталды.
Илдет жайылышынын алдын алуу максатында Тажикстанда мечиттерде чогулуп намаз окууга марттын башында тыюу салынып, бат эле кайра ачылган. Апрелдин ортосунда кайрадан жабылды.
Тажик өкмөтү өлкөдө COVID-19 илдетине чалынгандар жок экенин билдирүүдө. Бирок укук коргоочулар мамлекетте акыркы кездери өпкөсү ооругандар көбөйгөнүн белгилеп, ачык маалымат берүүгө чакырууда.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму марттан бери тажик бийлигине өлкөдө карантин жарыялоону сунуш кылган. Жакын арада бул уюмдун адистери өлкөгө келери кабарланган.