Белгилүү коомдук ишмер, юридикалык илимдердин доктору, профессор Карпек Курманов 92 жашында 24-апрелде дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Юстиция министрлиги «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Карпек Курманов Кыргызстандын юридика илимин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Кыргыздардын арасында эн биринчи жогорку укук билиминин ээси. Республикасынын Улуттук Илимий Академиясынын ардактуу академиги. Эгемен Кыргызстандын көптөгөн мыйзамдарын иштеп чыгууга салым кошкон.
Юридика илиминин өнүгүшүнө кошкон салымы жана тармакта көптөгөн адистерди даярдап чыгарганы үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктарды алган. Алардын ичинде 3-даражадагы «Манас» орденине, «Кыргызстандын эмгек сиңирген илимий ишмери» наамына ээ болгон. (ZKo)