Британияда Оксфорд университети коронавируска каршы иштеп чыккан вакцинаны каалоочуларга клиникалык сыноону баштады. Ага өлкөнүн бир нече шаарынан миңден ашык киши катышат.
Алардын экөөнө инъекция жасалды. Бир шприцте коронавируска каршы вакцина ал эми экинчисинде менингитке каршы вакцина бар болчу. Окумуштуулар препарат ден соолукка зыян келтирбейби жана COVID-19 вирусуна каршы иммунитетти пайда кыла алабы ушуну билүүнү максат кылып жатышат.
Коронавируска каршы вакцина табуунун үстүндө дүйнөдө ондогон лабораториялар иштеп жатат. Жакында эле Германия коронавируска каршы вакцинаны каалоочуларга сынай баштаганын билдирген.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, ушу тапта дүйнөдө вируска каршы 70ке жакын вакцина иштелип жатат. АКШ менен Кытай биринчилерден болуп препараттарды адамга сынап көрүшкөнүн кабарлашкан.
Адистер коронавирустун вакцинасын жапырт колдонуу 2021-жылдын башына туура келет деп божомолдошууда.