ИИМ: 27-апрелге карата 80 киши коменданттык сааттын талабын бузду

Ала-Тоо аянтындагы текшерүү. Бишкек шаары. 20-апрель, 2020-жыл.

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаарынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында саат 21:00 - 06:00 аралыгында коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн 80 киши кармалып, 6 машине атайын токтотмого коюлду. 

Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 66, Ош шаарында - 1, Жалал-Абад шаарында - 5, Сузак районунда - 2, Нарын шаары нда- 4, Ат-Башы районунда - 2 киши кармалды. 

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын
эрежелерин бузгандар болгон жок.

Жалпысынан алганда өзгөчө абал киргизилген 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3582 жаран коменданттык саатты бузгандыгы үчүн кармалган. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбашы керке экендиги эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилген.

Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин көчөгө машине жана адамдар чыкпашы керек. (ZKo)