Түркмөнстан ахалтекин жылкысынын урматына улуттук майрам өткөрдү

Майрамдын бир көрүнүшү.

Түркмөнстанда мамлекеттик маалымат каражаттары Ашхабаддан алыс эмес жайгашкан ат спорт комплексинде 26-апрелде бир катар иш-чаралар өткөрүлгөнүн көрсөтүштү. Авторитардык президент өзгөчө жактырган бул майрам күнү жылкылар арасында сулуулук сынагы өткөрүлүп, ахалтекиндердин катышуусунда ар кандай оюн-зоок тартууланды.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов аргымактар тууралуу бир нече китеп жазып, өзү да ат чабыштарга катышып жүрөт. Бул жолу да ал ахалтекиндин сүрөтүн мыкты түшүргөн сүрөтчүлөргө акчалай сыйлык ыйгарып, ал эми сулуулук сынагында жеңген жылкы ээсине Audi Q8 автоунаасынын ачкычын тапшырды.

Маалымат каражаттары билдиргендей, ахалтекин тукумундагы жылкыларга шарт түзүүгө бийлик 680 миллион доллар бөлгөн.

Түркмөнстанда COVID-19 илдети менен ооругандар расмий каттала элек. 

Борбор Азиядагы эң жабык бул мамлекетте кийинки жылдары азык-түлүк тартыш болуп, эли эптеп жан багып келет.