«Сапат» билим берүү мекемелерине кабыл алуу кырдаал турукташканча болбойт

Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай маалыматты эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин коомчулук менен байланыш кызматы таратты. Ага ылайык, жыл сайын аталган билим берүү мекемелерине окуучуларды кабыл алуу апрель айында жүргүзүлүп келген. Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө киргизилген кырдаалдан улам мекеме кабыл алуу сынактарын өткөрүүнү абал оңолгонго чейин жылдырды.

Маалыматта айтылгандай, эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин кабыл алуу сынагына катышууну каалагандар мекеменин сайтына кирип, каттала алышат.

Мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелери Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен 2017-жылы «Сапат» болуп өзгөргөн мекеменин башкаруу формасына бир катар алымча-кошумчалар киргизилген. (ZKo)