Эки айлык карантинден соң 4-майдан тарта 4 миллионго чукул италиялыктар ишине кайтат. 4-майдан тарта заводдор, парктар жана курулуш жайлары иштей баштайт. Жарандарга чакан сандагы тууган-туушкандары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилет.
18-майдан тартып соода жайлары, музейлер менен китепканалар, 1-июндан баштап бар-ресторандар жана сулуулук салондору ишке кирет. Бирок мектептер сентябрдын аягына чейин жабык болот.
Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте 1-майда сүйлөгөн сөзүндө коронавирус пандемиясынан улам, өлкөдө түзүлгөн экономикалык кыйынчылыктар үчүн элинен кечирим сурады. Коронавирусту жайылтпоо аракети менен жарыяланган карантинден улам өлкөнүн экономикасы 8% кыскарары айтылган. Конте мамлекет тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилчү жардам кечиктирилгенин мойнуна алды.
Италия Европа өлкөлөрүнүн ичинен акыркылардан болуп, экономикасын жандандырууга киришүүдө.
9-марттан бери карантин шартында жашап жаткан Италия коронавирустан каза тапкандардын саны боюнча Европада башкы сапта турат. Бул өлкөдө COVID-19 илдети 197 минден көп адамга жугуп, 28 миңден ашуун бейтап каза тапты. Италиянын бийлиги коронавирустан көз жумгандар март айынын башындагы деңгээлге чейин азайып калганын билдирүүдө.
Италия кадимки жашоого кайта баштайт
Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте. 21-апрель, 2020-жыл.