Жаңы коронавирустун тарап жатышына байланыштуу Тажикстанда окуу каникулу 16-августка чейин узартылды.
COVID-19 инфекциясына каршы түзүлгөн Республикалык штаб сабак 17-августта башталарын билдирди.
«Мектепке чейинки мекемелердеги каникул өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал калыбына келгенге чейин уланат», - деп маалымдады коңшу өлкөнүн Билим берүү министрлиги.
Буга чейин балдар 27-апрелде эки апталык каникулга таратылган.
5-майда Тажикстанда коронавируска чалдыккандар 230га жеткени расмий кабарланды. Алардын үчөө көз жумду. Өлкө бийлиги 30-апрелге чейин коронавирус каттала электигин билдирип келген. Ага чейин өпкөсү сезгенип ооруканага түшкөндөр көбөйгөн. Айрымдары көз жумган.