Өзбекстан: сырттан акча которуу 35% азаят

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Өзбекстандын Ички дүң жыйымынын өсүшү 2020-жылы 1,5-2,5% чейин жайлашы ыктымал.

Өлкөнүн Борбордук банкы өсүш туризм, эл аралык транспорт, оюн-зоок, спорт жана башка тейлөө тармактарында жай болот деп билдирет.

Ошондой эле Өзбекстан жарандарынын сырттан акча которуусу экинчи кварталдан баштап даана сезилет. Борбордук банк өткөн жылга салыштырмалуу 30-35% чейин кыскарарын белгилөөдө.

Расмий маалыматка караганда 2,5 миллион өзбекстандык чет өлкөлөрдө. Анын 2 миллионго чукулу Орусияда эмгектенүүдө.