Кой-Таш окуясы боюнча сот кайрадан башка күнгө которулду

Кой-Таш. 2019-жылдын 8-августу.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча жараян 11-майга калды. Буга соттолуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев саламаттыгына байланыштуу сотко келбегени себеп болду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Буга чейин да Атамбаев жана айрым адвокаттар келбегендиктен соттук жараян бир нече жолу башка күнгө которулган.

Атамбаев тергөө абагында кармалып турган УКМКнын басма сөз кызматы буга чейин мурдагы президенттин саламаттыгы канааттандырарлык экенин жана дарыгерлер көз салып жатышканын билдирген.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши алар тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 адамдын ичинен Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайында камакта отурат. (BkA)