Өзбекстан Тажикстандан электр энергиясын кайра сатып ала баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан Тажикстандан кайрадан электр энергиясын сатып ала баштады.

«Азия Плюс» маалымат агенттиги 7-майда кабарлагандай, азырынча Тажикстан 220 киловольт өлчөмүндө эки линия аркылуу Өзбекстанга электр энергиясын жөнөтүүдө. Жакын арада анын өлчөмү 500 киловольтко жетет. Макулдашуу 2020-жылдын октябрына чейин түзүлгөн.

Агенттиктин өзбек өкмөтүндөгү булагы азырынча эки өлкө электрдин баасына байланыштуу акыркы чечимге келе элек экенин билдирди.

2019-жылы Тажикстан Өзбекстанга бир киловатты 2 центтен сатып, 1,5 миллиард кВт\саат электр энергиясын импорттогон. Жалпы баасы 28,5 миллион долларды түзгөн.

Тажикстан былтыр кыш мезгилинде өз жарандарын электр менен толук камсыз кылыш үчүн аны коңшуларга сатууну токтоткон.