COVID-19: Темир жолчулар ооруканасынын жанында жашагандар нааразылык билдирип чыгышты

Темир жолчулар ооруканасынын жанында нааразылыкка чыккандар. 7-май, 2020-жыл.

Бишкекте «Кыргыз темир жолу» ишканасынын ооруканасында коронавирус боюнча атайын жай ачууга каршы чыккан адамдар 7-майда нааразылык билдирип, оорукананын жанында чогулушту.

Алар «Азаттыкка» сүрөт, видео жөнөтүп, тегеректе улгайгандар жана балдар жашаган үйлөр, бала бакча жана мектеп бар экенин айтып, оору аларга да жугушу ыктымал деген кооптонуусун билдиришти.

«Азаттык» буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинен комментарий алды. Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев ал жерде провизордук стационар ачыларын билдирди:

«Мисалы, үйдө жатып дене табы жогорулап же башкача түшүнүксүз болуп тургандарды ошол жерге алып барып жаткырабыз. Анализ алып, текшеребиз. Таза чыкса, ошол жерден дарыланып, үйүнө кетет. Таза эмес чыкса, Жугуштуу илдеттер ооруканасына алып кетебиз. Себеби үйүнө жатып дарылангандар болуп жатат. Ошондой болбосун деп атайын «Темир жол ооруканасынын» базасында да өзүнчө бир нече орун даярдап, ошол жерден текшеребиз, үйүндө калтырбай».

Жалпысынан 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус 895 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 637 бейтап айыгып чыкты.

895 адамдын эң көбү, 257си Бишкек шаарында.

Буга чейин өкмөт коронавируска каршы туруу иш-аракеттеринин алкагында бир нече ооруканада бул илдетке чалдыккандарды текшерүү жана дарылоо үчүн өзүнчө орундар кайра даярдаларын кабарлаган. (RK)