Москвада карантин 31-майга чейин узартылды

Сергей Собянин.

Москванын мэри Сергей Собянин коронавируска байланыштуу шаардагы чектөө чараларын 31-майга чейин узартты. Шаардыктарга мурдагыдай эле көчөдө сейилдөөгө, парктарда спорт менен машыгууга тыюу салынат. Айрым өндүрүш жана курулуш компаниялары ишин жандантат. Бирок кызмат көрсөтүү тармагынын иши башталбайт.

Мектептер да ачылбайт. Бүтүрүүчүлөрдөн башка окуучуларга баа 15-майга чейин коюлат. Аралыктан окуу 31-майга чейин уланып, бирок баа жана үй тапшырма берилбейт. Ал эми 9-11-класстын окуучуларынын экзамен тапшыруусу боюнча кошумча маалымат берилет.

Буга чейин жолдо жүрүүгө алынган уруксат кагаздар 31-майга чейин жарактуу болуп кала берет. Собянин 12-майга чейин коомдук транспорт жана жайларда милдеттүү түрдө беткап, мээлей кийип жүрүш керек экенин билдирди.

Москванын мэри Сергей Собянин борбордо коронавирус жуккандар расмий статистикада көрсөтүлгөн 93 миң кишиден үч эсе көп, 300 миңге жакын экенин айтты. Орусия 7-майда акыркы суткада дагы 11 миң адамдан илдет табылганын жарыялап, коронавирус эң көп таралган өлкөлөрдүн бешинчи сабына чыкты. Өлкө боюнча 177 миң киши COVID-19 илдетинен жабыркады.

Алардын арасында ондогон кыргызстандык мигранттар да бар экени айтылууда. Так саны азырынча белгисиз.